Транспорт жана жолдор министрлиги 1- сентябрга чейин 18 тоннадан жогорку салмактагы жүк ташуучу унааларга жалпы пайдалануудагы жолдордо жүрүүгө чектөө киргизди.
Чектөө абанын температурасы 280С жана андан огору болгон эрте мененки саат 10:00дөн, кечки 20:00гө чейин. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлайт.
Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык, транспорт каражаттарын транспорттук көзөмөл пункттары аркылуу өткөрүүдө, жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун сактоо максатында, ошондой эле өлкөнүн аймагында жүк ташууну жүзөгө ашырган жеке жана юридикалык жактарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.