7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Ынтымак» саясий партиясы Ош шаарындагы шайлоого катышуудан баш тартты

534

“Ынтымак” партиясы Ош шаарындагы шайлоого катышуудан баш тартышууда. Бул тууралуу аталган партиянын лидери Марлен Маматалиев Фейсбук баракчасына жазды.

“Урматтуу кыргызстандыктар, Ынтымак партиясы Ош шаарындагы шайлоого катышуудан баш тартууда. Биз алгач баарына – коомго, өлкө жетекчилигине таза жана ачык шайлоо өткөрөбүз деп убада бергенбиз. Ага чейин биз 14 шаарга катышып, анын 11инде жеңишке жетиштик. Ошол эле учурда, партия тарабынан бир дагы мыйзам бузуу болгон жок. Бизге оозеки эскертүү да берилген эмес.

Бул жолу шайлоо процесси таптакыр башка нукка бурулду. Ошто мыйзамсыздык жүрүп жатат жана айрым партияларга каршы тандалма күрөш жүрүүдө. Буга мисал катары Ош шаарында биздин талапкерлердин бирине каршы уюштурулган чагымчылдыкты келтирсек болот. Ушул нюанстардын бардыгын эске алып, биздин команда катышуудан баш тартууну чечти. Биз өзүбүздүн имиджибизди жана жүзүбүздү, биринчи кезекте, шайлоочуларыбыздын алдында сактап калгыбыз келет.

Бизге биринчи жолу ишеним арткан Ош шаарынын тургундарына өзгөчө ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Бул 5 миңге жакын шайлоочу болгон. Экинчисинде дагы, бизди колдогондорго рахмат айткыбыз келет, жана бул биз үчүн өз добуштарын берүүнү каалаган 7 миң шайлоочу”,-деп жазган Маматалиев.

“Исхак Раззаковдун: “Сен таза болсоң, мен таза болсом, анда коом дагы таза болот!” – деген сөзүн ар дайым эсибизден чыгарбайбыз жана карманабыз”,-деп кошумчалады “Ынтымак” партиясынын лидери Марлен Маматалиев.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

535