7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мамлекеттик карызды төлөөгө 55.5 млрд сом жумшалды

295

Быйыл январь-сентябрь айларында Кыргызстан мамлекеттик карызды (тышкы жана ички бересе) төлөөгө 55 млрд 530.3 млн сом сарптады. Бул тууралуу Каржы министрлиги кабарлайт.

Маалым болгондой, аталган сумманын ичинен 32 млрд 919.6 млн сом тышкы бересени кайтарууга кеткен. Анын 28 млрд 442 млн сому негизги сумманы, 4 млрд 454.7 млн сому үстөк пайызды төлөөгө жумшалган.

Ички карызды төлөөгө 22 млрд 610.7 млн сом сарпталган. Анын 11 млрд 921.1 млн сому карыздын негизги суммасын, 10 млрд 689.6 млн сому үстөк пайызды төлөөгө кеткен.

296