7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мамлекеттик катчы «Ата-Бейит» тарыхый-мемориалдык комплексине гүлчамбар койду

433

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барды.

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетовду президенттин Чүй облусундагы өкүлү Канат Жумагазиев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктигинин директору Кудайберген Базарбаев жана башкалар коштоп жүрүштү.

Иш-чаранын катышуучулары 1916-жылдагы трагедиялуу окуялардын жүрүшүндө курман болгондордун элесине арналган мемориалга, саясий репрессиянын курмандыктарына арналган эстеликке жана жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бейитине гүл коюшту.

Алардын элесине багышталып куран окулду.

434