Нарын дарыясына секирип кетип, дайынсыз болуп жаткан өспүрүм кызды издөөгө бүгүн 54 адам чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдирди.
Издөө иштерине ӨКМден 15 куткаруучу жана Ички иштер министлигинен 28 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 11 адам тартылды.
Белгилей кетсек, Нарын шаарында 2-ноябрь күнү Жаңы-Жол тилкесиндеги көпүрөдөн 2007-жылы туулган Т.Э. аттуу өспүрүм кыз Нарын дарыясына секирип кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Ошол күндөн бери издөө уланууда.