Кыргыз эл артисти, КР элчиси, мурдагы вице-премьер, экс-депутат, профессор Ибрагим Жунусов: Түрк президенти Режеп Тайып Эрдогандын 5-ноябрдагы мамлекеттик визити эң жогорку деңгээлде өттү, кыргыз тарап аны жакшы күтүп алды, Биринчи даражадагы «Манас» ордени менен сыйлады, ал өзү дагы сыйды жакшы көрөт. Негизи, түрк мамлекети дагы, түрк эли да, өлкө жетекчилери дагы кыргыздар менен Кыргызстанды абдан жогору баалайт. Эрдоган өзү дагы – өз ата журтума келгениме бактылуумун дебедиби…
Түркиянын жардамы жана Эрдогандын демилгеси менен Бишкекте – Борбор Азиядагы эң чоң мечит салынды, Достук ооруканасы курулду, ага Эрдогандын аты берилди, улуттук тарых музейи жаңыланды, «Ыйман» фонду түзүлдү, жыл сайын жүздөгөн кыргыз жаранына Түркияда бекер операция жасалат, мектептер курулууда, «Манас» университети иштеп жатат. Азыркы визит учурунда Кыргызстандын Түркияга болгон 58,9 млн доллар карызы кечирилди, мурда, 2014-жылы, $52 млн кечирилген.
Эрдогандын визитине улай 6-ноябрда Бишкекте Түрк тилдүү мамлекеттер уюмунун бийик жолугушуусу өттү, ага байкоочу катары кошулган Мажарстандын премьер-министри Виктор Орбандын дагы расми сапары болду жана Орбан Бишкекте Түрк дүйнөсүнүн эң жогорку ордени менен сыйланды. Жакынкы жылдарда Мажарстан уюмга мүчө болуп кирээри күтүлүүдө. Түрк элдеринин биригип жатканын сындагандар да бар, алар дайым сындап келген. Мындай сын – уюм туура багытта өнүгүп баратканын далилдейт…