7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мамлекеттик курулуш тармагындагы өзгөрүүлөр

303

Көп жылдан бери эскирип турган мектептер, балдар бакчалары, маданият үйлөрү, спорт объектилери, таза суу, административдик имараттардын курулуштары жанданып, кызуу жүрүүдө. Өлкө аймагында учурда 501 имараттын курулушу башталган, анын ичинде 204ү мектеп. Быйыл жаңы окуу жылына карата бир күндө 43 мектеп, 5 спорт зал, 3 бала бакча колдонууга берилди. Жыл аягына чейин 100 билим уясынын имараты бүткөрүлөт.

Республика боюнча 451 көп кабаттуу турак үйлөр курулуп жатат. Алардын жалпы аянты 5 млн. 552 миң чарчы метрди түзөт.

Эки жолку чек арадагы куралдуу кагылышта жабыркаган үйлөр кайра башынан курулуп, быйыл баткендиктерге 420 жаңы турак жайдын ачкычы тапшырылды.

2023-жылы социалдык — маданий багыттагы объектилерди курууга мамлекеттик каражаттардан 8,8 млрд. сом бөлүнгөн, аларга республика боюнча 144 объекттин ошондой эле өнөктөштөр линиясы боюнча 73 ар кандай объектилердин курулушун аяктоо каралган. Жылдын аягына чейин социалдык-маданий багыттагы 80 объекти бүткөрүлөт.

Бишкек шаарында жаңы Президенттик Администрациянын имаратынын курулушу жүрүп жатат.

Өлкө аймагында бир катар заманбап парктар салынып, колдонууга берилди.

— Бишкектин борборундагы көп функционалдуу Заманбап комплекс — беш жылдыздуу отелди, бизнес-борборду, турак жай жана соода аянттарын камтыйт. Бүгүн, курулуш тармагында өсүү темпи 11,2% ды түзөт.

Төлөө мөөнөтү 25 жыл, 4%дык ипотека

Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен жарандарды арзан турак жай менен камсыз кылуу максатында көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу башталды. Ага ылайык, ипотекалык насыянын жылдык төлөмү мамлекеттик кызматкерлер үчүн 4%, жеке тараптар үчүн 8%га төмөндөп, төлөө мөөнөтү 15 жылдан 20-25 жылга чейин узартылды.

2021-жылы Мамлекеттик ипотека компаниясы аркылуу 3-4 ай ичинде 732 үй-бүлө турак жайлуу болушкан. Ал эми 2022-жылы Мамлекеттик ипотекалык компаниянын тарыхында рекорддук сумма 4 млрд. 655 млн. сомдон ашык каржылоо болуп 1804 үй-бүлө турак жайлуу болууга жетишти. Мамипотека берилип баштаган 2016-жылга салыштырмалуу 2023-жылы каржылоо 5,5 эсе өстү.

2023-жылдын башынан тарта, мамлекет көп кабаттуу үйлөрдү өзү куруп баштады, алар төмөнкүлөр:

— 5050 батирлүү “Мурас” комплекси. 18, 24 жана 28 кабаттан турган 39 корпус.

— Бишкек шаарынын түштүк бөлүгүндө 6 корпустан турган 620 батирлүү турак жай.

— Бишкектин түндүк тарабында 7 корпустан турган 549 батир.

-Тунгуч кичирайонунда 63 батирлүү көп кабаттуу турак үй.

-Бишкек шаарынын ортосунда 81 батирлүү үй.

-Бишкек шаарынын 11-кичи районунда 500 батирлүү көп кабаттуу үй.

-Жал кичи районунда 45 батир.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

304