5-октябрда Ош шаарынын 3023 жылдыгы салтанаттуу түрдө белгиленди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.
Шаар күнүнө карата чет элдик ырчылардын катышуусунда чоң программадагы гала- концерт өттү. Ага шаардык кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов катышып, жалпы келген конокторду жана шаар тургундарын Ош шаарынын күнү менен куттукташты.
Салтанаттуу иш-чаранын алкагында фейерверк атылып, кыргыз эстрада жылдыздары жана чет элдик ырчылар элге жагымдуу маанай тартуулашты.