Түп районунда 425 грамм баңги зат менен жергиликтүү тургун кармалды. Райондук соттун чечими менен шектүү тергөө иштерин жүргүзүү учурунда эки айга камакка алынган.
Ысык-Көл ОИИБден билдиришкендей, милицияга Түп районунун аймагында «Белый» аттуу каймана аты бар жаран ири өлчөмдөгү баңгизат сактап, аны сатууга даярдап жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Бул фаты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында Түп районунун Тогузбай айылынын 36 жаштагы тургуну аныкталган. Шектүү жакын арада баңгизаттарды белгисиз тарапка ташууну көздөп жатканы белгилүү болгон. Ал Subaru Legacy үлгүсүндөгү унаасы менен үйүнөн чыгып баратканда милиция тарабынан токтотулуп, тинтүү иштери жүргүзүлгөн.
Натыйжада, унаанын ичинен ширенкелердин кутучаларына салынган жапайы кендирдин өзгөчө жыты бар заттар табылган. Соттук-химиялык экспертизанын корутундусу боюнча, алынган зат гашиш баңги затына таандык экени аныкталды.