Бишкектин четине медшаарча курулуп, мамлекеттик ооруканалар көчүрүлмөй болду. Президент жарлыкка кол коюп, медициналык шаарча курууну стратегиялык мамлекеттик милдет катары аныктады.
Документке ылайык, каржылоо мамлекеттик ооруканалардын имаратын сатуудан жеке инвестициялардан жана эл аралык уюмдардын каражатынан жүргүзүлөт. Зарыл болгондо бюджеттен кошумча акча бөлүнөт.
Минкаб шаарчаны куруу концепциясын иштеп чыгып, жер тилкесин аныктап, көчүрүлө турган ооруканалардын тизмесин тактайт. Шаарчага көчүрүлгөн мекемелердин “улуттук” статусу жана кызматкерлердин маянасына кошулган үстөк акылар сакталат.
Жаңы медициналык шаарчаны борбор калаанын түштүк-чыгышындагы Кара-Жыгач айылына жакын жердеги 106 гектар жерге куруу пландалууда. Ал жерге Улуттук госпиталды, Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасын, Улуттук кардиология борборун, Кургак учукка каршы күрөшүү борборун, айрым төрөт үйлөрүн, Психиатрия-наркология борборун жана башка медициналык мекемелерди жайгаштыруу көздөлүүдө.
Ошол эле учурда Саламаттыкты сактоо министрлиги айрым ооруканалар шаардын ичинде калышы керектигин белгилейт. Буга тез жардам станциялары, төрөт үйлөрү, балдар ооруканалары, поликлиникалар жана башкалар кирет.