7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Салык төлөөчүлөр шылуундардан сак болуңуздар!

351

Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөргө алдамчылыктын жаңы схемалары тууралуу эскертет.

Ага ылайык, шылуундар электрондук почталарга салык карызы боюнча жасалма билдирүүлөрдү, ошондой эле салыктык укук бузуу үчүн жоопко тартуу коркунучу тууралуу маалыматтарды жөнөтүшүүдө.

Каттарда шектүү платформалар аркылуу пайда болгон карызды төлөөнү сунуштаган шилтемелер болот. Шылуундар жарандарды иш-аракеттерди тез жана ойлонбостон жасоого мажбурлоо үчүн ар кандай кысым жасоонун ыкмаларын колдонушат, бул жеке маалыматтарды же акча каражаттарын жоготууга алып келиши мүмкүн.

Шылуундардын айла-амалдарына түшүп калбоо үчүн төмөнкү эрежелерди сактоо керек:

Ким жөнөтүп жаткандыгын текшериңиз. Эгер жөнөтүүчү шектүү көрүнсө, катты ачпаңыз жана шилтемелерге кирбеңиз.
Каттардагы шилтемелерди ачпаңыз. Салык кызматынын расмий билдирүүлөрүндө тезинен төлөөнү талап кылган шилтемелер жок. Маалыматты Салык кызматынын расмий сайты аркылуу текшериңиз. Эгер билдирүү жасалма болушу мүмкүн деп ойлоп жатсаңыз, салык милдеттенмеңиздин абалын текшерүү үчүн өзүңүздүн жеке кабинетиңизге кириңиз.

Тааныш эмес эсептерге акча которбоңуз. Салык кызматы эч качан тааныш эмес платформалар же банк карталары аркылуу карызды тезинен төлөөнү талап кылбайт. Бардык төлөмдөр расмий салык кызматтары жана банктар аркылуу жүргүзүлөт.

Өзүн Салык кызматынын кызматкери катары тааныштырган адам тарабынан шектүү кайрылуулар болгон учурда укук коргоо органдарына кайрылууну суранабыз.

Салык кызматы бардык салык төлөөчүлөрдү шылуундардын айла-амалдарына түшүп калбоо үчүн сак болууга жана абайлоого чакырат.

352