
Айдарали Сарыков Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу ЖКнын агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин отурумунда белгилүү болду.
Сарыков Айдарали Зикировичтин өмүр баяны:
1963-жылы 10-январда туулган.
Жогорку билимдүү.
Тажрыйбасы:
- 1980 — 1982 — Ош облусунун Алай районундагы «Социализм» совхозунун кол өнөрчүсү;
- 1981 — 1984 — Ленинград деңиз флотунун катарында кызмат өтөөгөн;
- 1984 — 1989 — Фрунзе шаарындагы К.И. Скрябин, атындагы айыл чарба институтунун студенти ;
- 1989 — 1991 — «Социализм» совхозунун комсомол комитетинин катчысы;
- 1991 — 1992 — «Социализм» совхозунун ферма башчысы; 06.1992 — 04.1994 — «Социализм» совхозунун башкы ветеринардык врачы;
- 1994-1995 — Алай районунун ветеринардык станциясынын башкы эпизоотологу;
- 11.1995 — 12.2001 — Алай районунун ветеринардык пунктунун башчысы;
- 2002 — 2002 — Мамлекеттик ветеринария департаментинин Республикалык эпизоотияга каршы экспедициясынын жетектөөчү адиси;
- 2002 — 2004 — Мамлекеттик ветеринария департаментинин Республикалык эпизоотияга каршы экспедициясынын башчысы;
- 02.2004 — 04.2007 — Мамлекеттик ветеринария департаментинин Республикалык эпизоотияга каршы экспедициясынын башчысынын орун басары;
- 2007 — 2010 — Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик ветеринардык көзөмөл департаментинин башчысынын орун басары.
- 2010 — Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик ветеринардык инспекциясынын азык-түлүк коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн башкы адиси, Мамлекеттик ветеринария департаментинин башкы директорунун орун басары, Мамлекеттик ветеринария департаментинин Мамлекеттик ветеринардык-санитардык көзөмөл бөлүмүнүн башчысы.
- 2013 — 13.11.2020 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Мамлекеттик ветеринардык көзөмөл бөлүмүнүн улук инспектору.
- 13.11.2020-жылдан азыркы учурга чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директоруна.
Кыргыз Республикасынын айыл чарбасынын отличниги. Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана турак жай массивин региондук өнүктүрүү боюнча комитет.