Манас эл аралык аэропорту Аламүдүн районундагы ата-энеси жок жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын келе жаткан жаңы жылы менен куттуктады. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жаңы жылдык балаты 27-декабрда Лебединовка айылындагы И.Айдарбеков атындагы №1 мектеп-гимназиясынын залында өтүп, ага 129 ата-энеси жок жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары катышты.

Ошондой эле “МЭА” ААКнын өкүлдөрү балдарга бекем ден соолук жана окууларына ийгилик каалап,  “Манас” эл аралык аэропортунун атынан балдарга белектер таратылды.