7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ууруга кирип 1,5 млн сомдук зыян келтиргендердин дагы 11 кылмыш иши ачылды

1584

Аламүдүн районунда бир нече уурулукка шектүүлөр кармалышты. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 20-декабрында Аламүдүн райондук милициясына арыз менен А.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, Төмөнкү-Аларча айылындагы үйүнө белгисиз бирөөлөр кирип, үйүндөгү сейфти талкалашып, 1,2 млн сом акча каражатын, 300 миң сомдук алтын буюмдарын жана «ACER» үлгүсүндөгү ноутбугун алып, окуя болгон жерден из жашырып кетишкенин билдирген. Келтирилген материалдык чыгым 1,5 млн сомдон ашкан.

Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси («Уурдоо») боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Чүй облустук жана Аламүдүн райондук криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-амалдырнын натыйжасында, жогорудагы кылмышка шектелип 29 жаштагы А.С., 27 жаштагы Б.Б. жана 22 жаштагы Т.М. аттуулар кармалышкан. Сотко чейинки өндүрүш иштеринин жүрүшүндө шектүүлөрдүн жашаган үйүнөн далил буюмдар алынган.

Териштирүү учурунда кармалган жарандардын Аламүдүн районунун аймагында дагы 8 уурулук фактыларына тиешеси бар экендиги такталган.

Андан сырткары Ысык-Көл облусунун аймагында дагы 3 фактыга тиешеси бар экендиги аныкталган. Жогорудагы иштер боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга камакка алынышкан.

Учурда шектүүлөрдүн дагы башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги боюнча териштирүү иштери улантылууда.

Сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1585