7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Манас» аэропорту биринчи жолу өз каражатына 2 учак сатып алды

738

Өлкө башчы Садыр Жапаровдун демилгеси менен «Манас» эл аралык аэропорту биринчи жолу өз эсебинен эки учак сатып алуу келишимине кол койду. Бул тууралуу «Манас» аэропортунан маалымдашты.

Dash-8-400 үлгүсүндөгү учак келишимине расмий кол коюу аземи 10-сентябрда Брюсселде De Haviland Aircraft of Canada өндүрүүчү компаниясы менен болгон.

“Келишимге кол коюуга «МАМ» ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов катышты. Бул келишим аэропорттун жетекчилигинин чечкиндүү аракеттеринин аркасында ишке ашты. Бул учактарды алуу Кыргызстандын жарандык авиациясын өнүктүрүүнүн негизги кадамы болуп, ички каттам түйүндөрүн кеңейтүүгө жана камтууга жана өлкөнүн ичинде калкты авиациялык тейлөөнүн деңгээлин жогорулатууга мүмкүндүк берет. De Haviland Aircraft of Canada компаниясы эки учакты келээрки жылдын май айында жеткирип бермекчи”, — деп айтылат маалыматта.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

739