7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Манас» аэропорту каттамдар боюнча Борбор Азияда 3-орунга көтөрүлдү 

509

Economist.kg сайтынын өздүк анализи боюнча «Манас» аэропорту Борбор Азия мамлекеттеринин борборлорунун ичинен чет элдик каттамдардын саны боюнча үчүнчү орунга чыкты.

Аталган сайт түз аба каттамдарына көз салып, Борбор Азия өлкөлөрүнүн аэропортторунун расмий маалыматтарын талдап чыкты.

“Манас” аэропортунун сезондук графигине ылайык, 2024-жылдын кыш мезгилинде Бишкектен 28 чет өлкөлүк багытка түз уча аласыз. Ошондой эле Кыргызстандын борборун Азербайжан, Индия, Казакстан, Кытай, Корея Республикасы, Кувейт, БАЭ, Пакистан, Сауд Арабиясы, Түркия жана Өзбекстан шаарларына түз авиакаттамдар байланыштырат.

Жыл ичинде Бишкектен эл аралык каттамдардын саны бешке көбөйдү.

Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнүн борборлорунан түз каттамдар бар. Алар: Ташкенттен — 61 багытка.

Алматыдан — 42 багытка.

Душанбеден — 26 багытка.

Астанадан — 23 багытка.

Ашхабаддан — 14 багытка.

510