7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Манас» аэропортундагы коюу тумандан улам ички каттамдар дагы кармалууда

1185

«Манас» эл аралык аэропортунда коюу туман каптап, бир нече каттамдардын учуп кетүүсү жана учуп келүүсү кармалууда. Бул тууралуу Аэропорттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Алматыдагы кошумча аэродромго 3 учак конду – Кувейттен «Джазира», Дубайдан «Флай Дубай» жана Шарджадан «Эйр Арабия». Ошондой эле Москвадан «АвиаТраффик» жана Делиден «Аэро Номад Эйрлайнс» учактары Оштогу кошумча аэродромго конду. Андан сырткары, Маскаттан «Салам Эйр» учагы Ташкенттеги кошумча аэродромго конгон.

«Ички каттамдар дагы кармалууда. Аба каттамдары боюнча маалыматты «Манас» жана «Ош» аэропортторунан төмөнкү номерлер аркылуу тактап алсаңыздар болот: «Манас» — 0 312 693109, «Ош» — 0 3222 90101»,-деп айтылат билдирүүдө.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1186