7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

11 ай ичинде 243 кылмыш чет өлкөнүн жарандары тарабынан жасалган

709
Өлкө аймагында 11 ай ичинде чет өлкөнүн жарандары тарабынан 243, чет өлкөлүктөргө каршы 191 кылмыш жасалган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, чет өлкөлүктөр тарабынан жасалган 226 кылмыштын бети ачылган. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу чет өлкөлүктөр тарабынан 150 кылмыш көп жасалган.
11 айда чет өлкөнүн жарандарына каршы 191 кылмыш катталган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 16 фактыга көп. Анын ичинен 139 кылмыштын бети ачылган. Эң көп жасалган кылмыштар алдамчылык (51 факт), уурулук (21 факт), тоноочулук (13 факт).
Ошондой эле чет өлкөнүн жарандары жасаган кылмыштардын ичинен алдамчылык, бейбаштык, уурулук, каржы пирамидаларын уюштуруу, тоноо, киши өлтүрүүлөр да катталган

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

710