“Манас” аэропортунда өзгөчө архитектуралык стили менен жаңы мечиттин курулушу пландалууда.
Имарат заманбап архитектуралык чечимдерди улуттук колорит менен айкалыштырган өзгөчө неостилде курулат. Долбоор боюнча мечиттин жалпы аянты 1 500 чарчы метрди түзүп, 2 000ден ашуун адамды кабыл алууга ылайыкталган.
Мечиттин курулушу жарандардын ыктыярдуу кайрымдуулук каражаттарынын эсебинен каржыланат. Бул ар бир каалоочуга аталган долбоордун ишке ашырылышына өз салымын кошууга мүмкүнчүлүк берет.
Курулуш иштерин 2026-жылдын аягында баштоо, ал эми 2027-жылдын аягына чейин толук бүтүрүү пландалууда.
Ыктыярдуу жардам көрсөтүү үчүн маалым даректер бул видеонун аягында көрсөтүлөт.



