Эртең, 20-октябрда өлкөнүн аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 1…6, күндүз 18…23;
Таласта түнкүсүн 1…6, күндүз 16…21;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 5…10, күндүз 18…23;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 2…7, күндүз 13…18;
Нарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 12…17.
Бишкек шаарында түнкүсүн 4…6°, күндүз 20…22° жылуу болот.



