«Манас» эл аралык аэропортуна жаңы кирүүчү автожол курулат. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы билдирет.
«Манас» эл аралык аэропортуна аэровокзалдык комплекске ыңгайлуу жаңы кирүүчү автожолду куруу пландалууда. Бул жол аркылуу автоматташтырылган жол акы төлөө системасын киргизүү да каралган. Долбоорду ишке ашыруу маселеси «Кыргызстандын аэропорттору» ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов жана Бишкектин мэри Айбек Жунушалиевдин жумушчу жолугушуусунда талкууланды. Тараптар долбоорду даярдоо жана ишке ашыруу жүрүшүн, ошондой эле аэропорт аймагындагы транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү маселелерин карашты.
Долбоорго ылайык, жолдун узундугу болжол менен 1,6 чакырымды түзөт. Жаңы трасса Бишкек – «Манас» аэропорту магистралынын түштүк тарабынан өтөт. Мраморное айылы тарапка бурулуш жеринде жаңы жолго ыңгайлуу кирүү үчүн айланма кыймыл уюштурулат. Кирүүчү бөлүгү эки тилкеден башталып, автоматтык төлөм шлагбаумдары жайгашкан жерде сегиз тилкеге чейин кеңейет, андан кийин кайра эки тилкеге кыскарып, көп деңгээлдүү унаа токтотуучу жайга чейин уланат.
Чыгуу жолу унаа токтотуучу комплекстен башталат. Ал да эки тилкелүү болуп, төлөм аймагына жакындаганда алты тилкеге чейин кеңейет. Андан соң транспорт агымы айланма жол аркылуу Бишкек тарапка багытталат.
Кирүү жана чыгуу жолдорунун ортосунда жашылдандыруу каралган. Долбоорду ишке ашыруу заманбап транспорттук инфраструктураны түзүүгө, өткөрүмдүүлүктү жогорулатууга жана тыгындарды азайтууга, ошондой эле жол акысын натыйжалуу төлөө системасын киргизүүгө багытталган.
Мында учурдагы жол «Манас-2» аэровокзалдык комплексине кирүү жана расмий делегациялар менен өкмөттүк кортеждерди тейлөө үчүн гана колдонулат.



