7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Манас» эпосу жана Айтматовдун чыгармачылыгы жөнүндө көргөзмө Женевада өтөт

631

«Манас» эпосу жана Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы жөнүндө көргөзмө Женева шаарында өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 24-январда, “Адам түбөлүктүүлүгү эстутумда” китебинин бет ачарында белгилүү болду.

Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаеванын маалыматында, бул боюнча сүйлөшүүлөр Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун Генералдык ассамблеяларынын алкагында макулдашылган.

Ага ылайык, 2024-жылы “Манас” эпосу, Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы жөнүндө Швейцариянын Женева шаарында чоң көргөзмө уюштурууга даярдыктар көрүлүп жатат.

Ага Ч. Айтматов жана Манас дүйнөсүн ачып берген китептер, дисктер, сүрөттөр жана буюм-тайымдар коюлмакчы. Андан тышкары, Кыргызстанда өндүрүлгөн географиялык көрсөткүч макамына ээ болгон товарлар, “40 райондон 40 демилге” долбоорунун жеңүүчүлөрү тарабынан өндүрүлгөн товарларды да көргөзмөгө коюп, дүйнө коомчулугуна жайылтуу аракеттери көрүлөт.

“Кыргызпатент улуу жазуучу, кыргыз элинин атактуу уулун Кыргызстанда эле эмес, эл аралык масштабда дагы даңазалоону уланта берет”,-деди Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө.

632