7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташиев Индияда операция жасатып келген 11 жаштагы Дайырбекке жолукту

329

Бүгүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Индияда сөөк чучугун алмаштыруу операциясынан өткөн Дайырбек Маматкалыев менен кайрадан жолугушту. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Буга чейин маалым болгондой, химиотерапия курсун аяктаганына карабастан, курч лимфобласттык лейкозду толук дарылоо үчүн Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасынын дарыгерлеринин сунушу менен Дайырбек Индияда жилик чучугун алмаштырууга муктаж болгон. Бирок медициналык процедураларды каржылоо мүмкүнчүлүгүнүн жоктугуна байланыштуу Дайырбектин ата-энеси 2022-жылдын декабрь айында Камчыбек Ташиевге жардам сурап кайрылышкан.

Ташиевдин көрсөтмөсү менен 2022-жылдын 23-декабрында УКМК тарабынан Дайырбекти (жана анын ата-энесин) Фортис клиникасына (Индия) жөнөтүүгө, кароодон өтүүгө жана операциясын каржылоого көмөктөшкөн.

Ийгиликтүү операциядан кийин Дайырбек дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, андан соң анын ата-энесин Ташиев кайрадан кабыл алган жана Маматкалыевдин толук айыгып кетүүсүнө колдон келген жардамды көрсөтүүгө убадасын берген.

2023-жылдын 28-декабрында Д.Маматкалыев атасы менен кайрадан Индияга текшерүүдөн өтүү үчүн жөнөп кетишкен жана Бишкекке келгенден кийин Камчыбек Ташиевге жолугушуу өтүнүчү менен кайрылышкан.

Жыйынтыгында Камчыбек Ташиев Д.Маматкалыевди жана анын атасын кабыл алды. Өз кезегинде Маматкалыевдин үй-бүлөсү Ташиевге көрсөтүлгөн материалдык жардам үчүн ыраазычылык билдирип, Дайырбектин ден соолугу жакшы экендигин кошумчалады.

Ал эми Ташиев балага чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт каалап, келечекте коопсуздук кызматкерлеринин катарын толуктайт деген ишенимин билдирди.

330