Көк бөрү спортунун чебери Манас Ниязов жаңы келишим менен Кыргызстандын биринчи лигасындагы “Ала-Тоо” командасына өттү. Бул маалыматты өлкөнүн Улуттук көк бөрү федерациясынын башкы катчысы Кубат Аскарбеков тастыктады.
Спортчу 3-ноябрда Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өтө турган “Кыргыз Республикасынын Президентинин Кубогу — 2020” мелдешине “Ала-Тоо” командасынын курамындагы оюнчу катары кирген.