Казакстандын маданият күндөрүн өткөрүү үчүн Бишкекке 300дөн ашуун казак өнөрпоздору келет. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясатынын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, маданият күндөрүнүн алкагында казак кино күндөрү, археологиялык артефактар, көркөм сүрөт көргөзмөсү уюштурулат. Акын, агартуучу, казак жазма адабиятынын жана адабий тилинин негиз салуучусу Абай Кунанбаевдин таржымалы тууралуу “Абай операсы” көрсөтүлөт.
7-октябрда Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясында гала-концерт болот. Эртеси Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде көргөзмө ачылып, 14-октябрга чейин уланат. Үч күн бою казак кинолору «Манас», «Россия», жана «Октябрь» кинотеатрларында акысыз көрсөтүлөт.
Эскерте кетсек, Казак делегациясын маданият жана спорт министри Актоты Раимкулова жетектеп келет. Андан тышкары, эки тараптуу кызматташуу тууралуу сүйлөшүүлөр болот.