Токмок шаардык прокуратурасы Токмок шаардык Жалпы дарыгердик практика борборуна текшерүү жүргүзүп, мамлекетке 2 502 885 сом зыян келтирилгендигин аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын расмий сайтына бүгүн, 5-октябрь жарыяланды.
Маалыматка ылайык, 2020-жылы аталган медициналык мекемесинин кызмат адамдары жасалма эмгек келишимдерди түзүү менен айрым административдик-башкаруу кызматкерлерине эмгек акы, сый акы жана башка төлөм түрүндө мыйзамсыз жол менен 2 133 615 сом төлөөлөрдү жүргүзгөн.
Ошондой эле, алар бланкалык продукцияларды жана күйүүчү-майлоочу материалдарды сатып алуу боюнча жасалма документтерди түзүү менен 369 270 сом акча каражатын ыйгарып алышкан.
Жогорудагы фактылар боюнча материалдар кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.