Кыргызстанда жакынкы эки жумада бензин дагы 1,5 сомго, дизель отуну 1 сомго кымбатташы мүмкүн. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канат Эшатов билдирди.
«Мунай өндүрүүчү заводдордон жаңы баалар келе тургандыгына байланыштуу айдын экинчи жарымында баалар кандай болоору тууралуу божомол азырынча жок»-дейт Эшатов.
Эскерте кетсек, Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы күйүүчү-майлоочу майдын баасын түшүрүү үчүн министрлер кабинетине бир катар чараларды сунуштаган.