7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Манас шаарында 6 жаңы мектептин курулушу көзөмөлдөндү

160

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Манас шаарында курулуп жаткан жаңы мектептердин курулуш иштеринин жүрүшүн текшерди. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, министр курулуш иштеринин сапатына, колдонулуп жаткан курулуш материалдарына жана курулуштун жүрүшүнө өзгөчө көңүл бурду. Ошондой эле подрядчы уюмдардын өкүлдөрүнө курулуш темпин күчөтүп, бардык объектилерди белгиленген мөөнөттө жана сапаттуу бүткөрүү боюнча тапшырмаларды берди.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, быйыл Манас шаарында республикалык бюджеттин эсебинен жалпысынан 6 жаңы мектеп курулуп жатат. Бул долбоорлор аймактагы билим берүү инфраструктурасын жакшыртууга жана окуучулар үчүн заманбап шарттарды түзүүгө багытталган.

161