7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Көк-Артта жаңы айланма жол курулуп, унаа тыгыны азайтылат

144

Көк-Арт аймагында жол кыймылын иретке келтирүү жана унаа тыгындарын азайтуу максатында кеңейтилген жыйын өткөрүлдү. Бул тууралуу Манас шаарынын мэриясы билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө Ынтымак көпүрөсүнүн аймагындагы негизги транспорттук түйүндөр талкууланып, Бегалы Аттокуров жана Канатбек Абдурасулов көчөлөрүн Көк-Арт дарыясынын жээгинде курулуп жаткан жаңы жол менен байланыштырган кесилиште айланма жол куруу сунушу каралды.

Адистердин маалыматына ылайык, курулуш иштеринин алкагында долбоорго туура келген айрым объекттер демонтаждалат. Бул боюнча жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, мыйзамдуу негизде катталган мүлктөр үчүн компенсация төлөп берүү каралары белгиленди.

Ошондой эле айланма жолдун курулушу тиешелүү мамлекеттик жол-транспорт тармагына жооптуу орган тарабынан каржыланары айтылды.

Жыйындын жыйынтыгында жооптуу кызматтарга долбоордук документтерди ыкчам даярдап, курулуш иштерин белгиленген мөөнөттө баштоо тапшырмасы берилди.

 

145