Жаңы Чыгыш айланма унаа жолун декабрь айында пайдаланууга берүү пландалууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда Көк-Жар айылынан башталган узундугу 16 чакырымды түзгөн жаңы Чыгыш айланма унаа жолунун курулушу кызуу жүрүп жатат. Аталган жол акы төлөнүүчү автомагистраль болуп саналат. Долбоор толук ишке киргенден кийин шаардын чыгыш багытындагы унаа агымы кыйла азайып, жолдордун өткөрүмдүүлүгү жогорулайт.
Мындан тышкары, Бишкек шаарынын мэринин орун басары Атай Муратбек көчмө жыйындын алкагында Иманалиев көчөсүндөгү реконструкция иштеринин жүрүшүн текшерди. Учурда жалпы узундугу 5 чакырым болгон көчөнүн 2 чакырымдык бөлүгүндө курулуш иштери жүргүзүлүүдө. Реконструкция аяктагандан кийин көчө эки тилкелүү болуп, жолдун туурасы 8 метрди түзөт. Ошондой эле эки тарабында 1,5 метрлик тротуарлар, ирригациялык система жана заманбап тышкы жарыктандыруу орнотулат.
Ошондой эле Муромская көчөсүнүн Алыкулов көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө да курулуш иштери уланууда. Бул тилкеде жолдун туурасы 14 метрге чейин кеңейтилип, эки тарабында туурасы 3 метрден болгон тротуарлар курулат.
Жыйындын жыйынтыгында Атай Муратбек подряддык уюмдардын өкүлдөрү менен биргеликте аныкталган маселелерди ыкчам чечүү үчүн тиешелүү шаардык кызматтарга тапшырмаларды берди.



