7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Манас шаарында салттуу эмес диний агымдын мыйзамсыз миссионердик ишмердүүлүгү токтотулду

203

Жалал-Абад облусунун Манас шаарында салттуу эмес диний агымдын мыйзамсыз миссионердик ишмердүүлүгү токтотулду. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалым болгондой,  Жалал-Абад облусунда светтик мамлекеттердин мамлекеттик саясатына каршы чыгып, шарият мыйзамдарын активдүү колдогон чет элдик «Фуркан» диний кыймылы тарабынан уюштурулган мыйзамсыз миссионердик ишмердүүлүктү токтотту.

Натыйжада чет элдик жаран менен 20 адам кармалган. «Фуркан» диний кыймылынын өкүлдөрү өз идеологиясын жайылтуу жана түштүк аймактарында уячаларды түзүү үчүн зарыл болгон диний иш-чараларды уюштуруу үчүн Жалал-Абад облусун пилоттук жай катары тандап алгандыгы аныкталды.

Мыйзамсыз миссионердик ишти уюштуруучуларга жана катышуучуларга карата административдик айыптар салынып тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

УКМК жарандарды мыйзамсыз миссионердик ишмердүүлүк үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралгандыгы жөнүндө эскертет.

204