Бишкекте Манас таануучулардын алгачкы республикалык форуму өттү
Иш-чарага мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, өлкөнүн бардык облустарындагы ЖОЖдордун, колледждердин окутуучулары, мектеп мугалимдери, жалпы «Манас» эпосунун айланасында иш алып барган кыргыз агартуучулары, көрүнүктүү окумуштуулар, изилдөөчүлөр, коомдук ишмерлер катышты.
«Манас» эпосун кеңири жайылтуу боюнча аракеттер алгылыктуу, иш ийгиликтүү жүрүшү үчүн «Манас» майданында эмгектенген Манас таануучулардын башын бириктирип, маалымат жана тажрыйба алмашуу максатында «Манас» улуттук академиясын орток аянтча кылуу азыркы учурдун талабы болду.
Форумда Манас таануудагы маанилүү маселелер талкууланып, форумду жыл сайын өткөрүү пландалууда.
Посмотреть эту публикацию в Instagram