КРнын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Сауд Аравиясы Королдугунун куралдуу күчтөрүнүн генералдык штабынын начальниги Фаяяз бин Хамад Аль-Рувайли менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө регионалдык коопсуздук маселелери, терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү кырдаал, учурдагы эл аралык абал боюнча пикир алмашуу болду.
Чакырыктарга жана коркунучтарга каршы аракеттенүү, ошондой эле экономикалык өнүгүү жаатында Кыргыз Республикасы менен Сауд Аравия Королдугунун ортосундагы практикалык кызматташуунун актуалдуу багыттары талкууланды.
Марат Иманкулов эки өлкөнүн элдеринин кызыкчылыгында мындан аркы биргелешкен жемиштүү иштерге даяр экенин билдирди.