7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жолугушууга Айгүл Жапарова катышты. Ирандын президенти илим жана маданияттагы таасирдүү аялдарды кабыл алды

408

Биринчи айым Айгүл Жапарова Иран Ислам Республикасынын Президенти Эбрахим Раисинин Тегеран шаарында 20-январда өтө турган илим жана маданияттагы таасирдүү аялдардын Биринчи эл аралык Конгрессинин катышуучулары менен жолугушуусуна катышты.

Жолугушууга Армениянын Премьер-министринин, Сербиянын, Ирактын, Буркина-Фасонун, Шри-Ланканын Президенттеринин жубайлары, ошондой эле Европа, Азия, Африка жана Латын Америкасынын 40тан ашык өлкөлөрүнүн жогорку деңгээлдеги делегациялары, анын ичинде Азербайжандын, Казакстан, Россия, Түркмөнстан, Өзбекстан, Пакистан, Индонезия, Малайзия, Сальвадор, Кытай, Япония ж.б. өкүлдөрү да катышты.

Ирандын Президенти Эбрахим Раиси өз сөзүндө дүйнөнүн булуң-бурчунан таасирдүү аялдардын башын бириктире турган алдыдагы Конгресс бул өлкөлөр менен элдеринин ортосундагы кызматташтыкты бекемдей турганын белгиледи.

Ал аялдардын коомдун турмушундагы жана мамлекеттин өнүгүүсүндөгү алдыңкы ролун белгилеп, алардын көбү илим, маданият, билим берүү жана башка тармактарда ачылыштарды жасап жатканын баса белгиледи.

Өз кезегинде Биринчи айым Айгүл Жапарова Кыргыз Республикасынын делегациясынын атынан жана өлкөнүн Президенти Садыр Жапаровдун атынан Иран тарапка чакыруусу, Тегеран шаарындагы жылуу кабыл алуусу жана меймандостугу үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирди.

Ал Кыргызстан менен Ирандын жаңы форматтагы өз ара аракеттенүүсү ийгиликтүү жана перспективдүү өнүгөт деген ишенимин билдирди.

Ошону менен бирге жолугушуунун катышуучулары Иран Президентинин жубайынын аялдарды бир иш-чарага чогултуп, кызматташуунун жаңы жолдорун аныктоо маселелерин талкуулоо демилгесинин практикалык маанисин белгилешти. Алар Биринчи Эл аралык Конгресс азыркыга жана келечекке өзүнүн көз карашы бар жигердүү, чыгармачыл аялдар үчүн туруктуу аянтча болуп калат деген ишенимин билдиришти.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

409