7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто опузалоого шектелип УКТ мүчөсү кармалды

396

Ош шаарынын аймагынан Өзгөн районунун тургуну 26 жаштагы жаран опузалап талап кылууга шектелип кармалды. Бул туурадуу Ош ОИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесиндеги («Опузалап талап кылуу») кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгѳн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган А.А. кармалып, далилдердин жана күбѳлѳрдүн кѳрсѳтмѳлөрүнүн негизинде жасаган күнѳөсүн толук мойнуна алды. Кылмышка шектүү буга чейин он жолу кылмыш жообуна тартылган

Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүүнүн убактылуу жашаган Ош шаарындагы батирине тинтүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында жашаган үйүнөн бир даана “Наган” үлгүсүндөгү ок атуучу курал жана үч даана огу менен алынды.

Азыркы учурда жогорудагы куралга карата тийиштүү экспертизалар дайындалып, шектүү менен бирге кылмыш жасаган шериктерин аныктоо, жана алардын аракеттерине юридикалык баа берүү боюнча тергөө иштери уланууда.

Кылмышка шектүү төмөнкү кылмыш иши боюнча шектүү катары кармалды: 2022-жылдын 18-апрель күнү жаран М.Т. Ош облустук Ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылган. Анда 2022-жылдын 18-апрель күнү болжол менен саат 23:00 чамасында “Аман” аттуу жигит достору менен келип, жабырлануучуну өзүнүн унаасына отургузуп, опузалап талап кылып, 16 миң сом акчасын алып койгондугу үчүн мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.

Кылмышка шектүүгѳ карата Ош облустук соту тарабынан баш коргоо чарасы 2 айга камакка алуу чечими кабыл алынган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

397