7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Марипов: «Бизге жарандар үчүн реалдуу пайда алып келүүчү реформалар керек»

966

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов 2021-жылга Экономиканы турукташтыруу боюнча планды талкуулоо боюнча кеңешме өткөрдү.

Белгиленгендей, Экономиканы турукташтыруу боюнча план бизнес жана кошумча жумушчу орундар үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө, азык-түлүк жана экологиялык коопсуздукту камсыздоого, ошондой эле социалдык стабилдүүлүктү жана жарандардын ишкердик активдүүлүгүн колдоого багытталган 100 иш-чараны камтыйт.

Өкмөт башчы Экономика жана финансы министрлигинин маалыматын уккан соң, Экономиканы турукташтыруу боюнча планга жарандарыбыздын жашоосун жакшыртууга салым кошо турган иш-чаралар киргизилиши зарылдыгын белгиледи.

«Бизге жарандар үчүн реалдуу пайда алып келүүчү реформалар керек. Экономиканы турукташтыруу боюнча планда кооз сөздөргө жол берилбестен, ал иштиктүү жана реалдуу болушу керек. Өзгөчө басым бардык мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүүгө жасалышы тийиш. Мамлекеттик аппараттын ишине тоскоолдук келтирген бюрократиядан четтөө керек. Дүйнөлүк тажрыйбаны, демилгелүү топтордун идеясын пайдаланып, бизнес өкүлдөрү менен жолугушууларды уюштургула. Биз биргеликте гана кагаз жүзүндө калбастан, иш жүзүнө ашырылуучу документти иштеп чыга алабыз», — деп белгиледи Улукбек Марипов.

Ал кошумчалагандай, сунушталып жаткан Экономиканы турукташтыруу боюнча план кеңейтилип, ага төмөнкү багыттагы пункттарды кошуу керек:

— Дары-дармектер каражаты департаментин санариптештирүү, мында дары-дармектердин наркы төмөндөп, тармактагы коррупциялык көрүнүштөр жоюлат;

— агроөнөржай комплексинде кардиналдуу өзгөртүүлөрдү жүргүзүү, ага катар бардык аймактарда башкаруунун кластердик тутумун түзүү жана айыл чарба өсүмдүктөрүн эгүүдө райондоштурууну жана калктын муктаждыгын эске алуу менен талдоо жана пландаштыруу аркылуу айыл чарбаны өнүктүрүүнүн стратегиясын иштеп чыгуу.

Документ тыкыр талкууланып чыккан соң, келип түшкөн сын-пикирлерди эске алуу менен аны толуктап иштеп чыгуу чечими кабыл алынды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

967