7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Марипов: Салык жана бажы процедураларын санариптештирүү зарыл

567

2021-жылы санариптештирүүнүн бардык компоненттери киргизилип жана тиешелүү аналитикалык системалар менен толук кандуу ишке берилүүгө тийиш. Бул тууралуу КР Премьер-Министри Улукбек Марипов салык жана бажы процедураларын санариптештирүү маселелерин талкуулоо боюнча жыйында билдирди.

Өкмөт башчы бажы тармагын санариптештирүү боюнча анчалык канааттандырарлык эмес иштерди белгилеп, бул жаатка өзгөчө басым жасаларын баса көрсөттү.

«Салык жана бажы процедураларын санариптештирүү бир нече жыл мурда башталган жана биз бул маселеде белгилүү бир натыйжага жетиштик. Бирок ошону менен бирге иште кетирилген бир катар каталыктар жана кемчиликтер бар. Бул жол-жоболорду санариптештирүү боюнча бардык иш-чараларды коррупциялык тобокелдиктерди жоюунун жана бюджетке түшүүлөрдүн көбөйүшүнүн, ак ниет салык төлөөчүлөрдү жана калкты контрафакттык продукциядан коргоонун, көмүскө экономиканын үлүшүнүн жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук түрдө берүүнүн көбөйтүүнүн маанилүүлүгүн эске алуу менен ыкчам тартипте жүргүзүү зарыл», — деди ал.

Улукбек Марипов системалык негизде Салык жана бажы процедураларын санариптештирүү боюнча координациялык кеңештин ишин жандандыруунун маанилүүлүгүн да белгиледи.

568