7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Марипов: Селде талкаланган ирригация объектилерин оңдоого 100 млн сом бөлүнөт

650

Үстүбүздөгү жылдын апрель-июль айындагы нөшөрлөгөн жаандын жана селдин натыйжасында талкаланган ирригациялык объектилерди капиталдык оңдоодон өткөрүү жана калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүгө республикалык бюджеттен 100 млн сом бөлүнөт. Бул тууралуу Кабминдин басма сөз кызматы билдирди.

Тийиштүү чечимге Министрлер Кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон.

Ошондой эле бөлүнгөн каражаттар алкагында дыйкандарды сугат суу менен камсыздоо максатында суу чарба обьектилерин оңдоо иштери жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигине 2021-жылга каралган оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жыйынтыктоону камсыздоосу тапшырылды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

651