7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Марипов: Өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюуга тийиштүү күч тартуу зарыл

645

Улукбек Марипов тийиштүү мамлекеттик органдарга Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы сел ташкынына байланыштуу өзгөчө кырдаалды жоюу боюнча ыкчам чараларды кабыл алууну тапшырды. Бул тууралуу басма сөз кызматы билдирди.

Мариповдун айтымында, өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюуга көмөк көрсөтүү үчүн тийиштүү күч жана каражатты тартуу зарыл.

Ошондой эле белгиленгендей, мамлекет тараптан курман болгон жана жабыркаган жарандардын үй-бүлөсүнө бардык зарыл жардамдар көрсөтүлөт.

Эске салсак, Жалал-Абад облусунун Аксы районунда өзгөчө кырдаалдын кесепетинен сел 8 жаранды алып кеткен, алардын алтоонун сөөгү табылган, турак үйлөр да талкаланып, айрым жерлерде унаа жолу, көпүрөлөр жана башка курулуштарга зыян келтирилген.

Марипов кошумчалагандай, Баткен облусунун Баткен районундагы жана Нарын облусунун Жумгал районундагы сел кырсыгына байланыштуу өзгөчө кырдаалды жоюу боюнча да чараларды кабыл алуу зарыл, ӨКМнин кызмат өтөөнүн күчөтүлгөн режимине өтүүсү жана зарыл болгон учурда жаратылыш кырсыгынын кесепеттерин жоюуга кошумча куткаруучулар тобун тартуусу тапшырылды.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

646