Жогорку Кеңеш бүгүн, 13-июль «КР Президентин жана Жогорку Кеңеш депуттарын шайлоо жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү» боюнча мыйзам долбоорун карап жатат.
Анда, ЖК депутаты Сайдулла Нышанов, партиялык тизме менен шайлоо бизнеске айланып калганын айтып чыкты. «Партия лидерлери ишенчээк, жөнөкөй адамдардын эрмектеп, тизмеге кошуп алып акысыз иштетет. Анысы аз келгенсип тизмеге киргизүү үчүн олчойгон акчаларды, жок дегенде 10, 15 миң доллар алып, байып жатышат, ушул бизнести токтотуш керек да», — деди.
Ал ошону менен бирге, «Өзүбүзгө ыңгайлаштырып тартып жүрүп ушул абалга келдик, эми жакшы мыйзам кабыл алып берели да, өзүбүз катышпай эле коёлу», -деген сунушун киргизди.
Посмотреть эту публикацию в Instagram