7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Марипов: Жусуп Абдрахмановдун өмүр жолу жалпыбызга үлгү болушу тийиш

783

Жусуп Абдрахмановдун өмүр жолу жалпыбызга үлгү болушу тийиш. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгын белгилөөгө даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин кеңешмесинин жүрүшүндө билдирди.

Белгиленгендей, Кыргыз Республикасынын Президентинин «Жусуп Абдрахмановдун туулган күнүнүн 120 жылдыгын белгилөө жөнүндө» Жарлыгына ылайык, 2021-жылдын 19-мартында уюштуруу комитети түзүлгөн, анын курамына мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өкүлдөрү, маданият жана искусство ишмерлери кирген.

Кеңешменин жүрүшүндө белгилүү мамлекеттик ишмердин элесин түбөлүк калтырууга багытталган иш-чаралардын планы сунушталды.

Премьер-министр бардык иш-чаралар жогорку деңгээлде уюштурулушу зарыл экендигин белгиледи.

«Жусуп Абдрахманов – заманбап кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөгө олуттуу салым кошкон белгилүү мамлекеттик ишмер. Анын өмүр жолу Кыргыз Республикасынын ар бир жаранына, өзгөчө мамлекеттик кызматкерлерге үлгү болушу тийиш», — деди Улукбек Марипов.

Кеңешмеде уюштуруу комитетинин өкүлдөрү белгилүү мамлекеттик ишмердин элесин түбөлүк калтырууга багытталган иш-чараларды, анын катарында  Жусуп Абдрахмановдун өмүрү тууралуу көркөм тасма тартуу, эл аралык илимий конференция өткөрүү, анын ысмын Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясына ыйгаруу, «Кыргыз Республикасынын баатыры» наамын ыйгаруу маселесин талкуулады, ошондой эле Жусуп Абдрахмановдун күндөлүгүн ЮНЕСКО материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизүү үчүн ЮНЕСКОнун «Дүйнө эстелиги» программасынын консультативдик комитетине кайрылуу мүмкүнчүлүгүн кароо сунушу киргизилди.

Жыйынтыгында киргизилген сунуштарды эске алуу менен планды толуктап иштеп чыгуу чечими кабыл алынды.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

784