7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Маркировкасы жок 23,8 тонна күрүч Казакстанга кайра кайтарылды

14

“Чалдыбар автожолу” фитосанитардык текшерүү постунда Казакстандан импорттолуп келген 23 миң 800 килограмм күрүч фитосанитардык көзөмөлдөн өткөрүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Маалым болгондой, текшерүү учурунда продукциянын таңгагында талапка ылайык маркировка жок экени аныкталган. Адистердин маалыматына ылайык, Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши тарабынан 2016-жылдын 30-ноябрында кабыл алынган №157 чечимге ылайык, карантиндик продукциянын ар бир таңгагында товардын аталышы, чыгарылган өлкөсү, экспорттоочу же реэкспорттоочу мамлекет тууралуу маалымат көрсөтүлүшү зарыл.

Белгиленген талаптарды бузуу Евразия экономикалык биримдигинин бирдиктүү карантиндик фитосанитардык эрежелерине каршы келери айтылды. Ушуга байланыштуу маркировкасы жок жүк импорттоочу өлкөгө кайра кайтарылган.

15