7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ош шаарында Р.Абдыкадыров көчөсү кеңейтилип жатат

271

Ош шаарындагы Р. Абдыкадыров көчөсү кеңейтилип жатат. Бул тууралуу муниципалитет билдирди.

Маалыматка ылайык, Б. Осмонов көчөсү тарапка чыга турган жаңы жолду куруу максатында долбоор аймагына кирген айрым жеке турак жайлар буздурулууда.

Шаар мэри Жанарбек Акаев тарабынан берилген тапшырманын негизинде турак жай ээлерине мыйзам чегинде тиешелүү компенсациялар толук төлөнүп берилгени айтылды.

Муниципалитет белгилегендей, көчөдө жүрүп жаткан иштер жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого, жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жана шаардагы жол инфраструктурасын жакшыртууга багытталган. Курулуш иштери бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүүдө.

Учурда Ош шаарында бир мезгилде 17 көчөдө жол оңдоо жана жаңылоо иштери уланууда.

272