7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Марлен Маматалиев: «Жол киренин көтөрүлүшү социалдык жарылууга алып келет. Эл кыйналып жатат»

626

Мэрия жол киренин баасын көтөргөнү жатат. Ансыз да азык-түлүктүн баасы көтөрүлүп, жөнөкөй эл кыйналып жатат. Бул тууралуу депутат Марлен Маматалиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

«Жалпысынан 100 млн сом мэриянын автобустарына бөлүнгөн…Анын айткан шылтоосу «айлык көтөрүлүп жатат» дейт. Айлык көтөрүлгөндөрдүн 30-40 пайызы эле, алар мамлекеттик кызматкерлер. Бир колубуз менен айлык көтөрүп, бир колубуз менен жол акыны көтөрөбүзбү? Биз автобуска деп бөлгөн акчалар каякта? Бул тариф социалдык жарылууга алып келет. Жөнөкөй эл кыйналып жатат, ансыз да азык-түлүктүн баасы көтөрүлүп жатат. Туура эмес, муну тапшырма берип, карап коюңүз»,  деди депутат.

Буга чейин Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин директору Максат Нусувалиев жол кире акысынын көтөрүлүшү, коомдук транспорттун абалы жана кыймылдуу курамды көбөйтүү пландары тууралуу 3 вариант каралып жатканын айткан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

627