7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мароккодогу жер титирөөдөн 632 адам каза болду

680

Мароккодо күчү 7 баллдан ашкан жер титирөө болуп 632 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, жер титирөө 9-сентябрга караган түнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 23:10да башталган. Жер титирөө Марракеш, Касабланка, Мекнес, Агадир жана Фес сыяктуу шаарларда жана Рабатта сезилди. Жаракат алгандардын саны 329га жеткен.

Марокконун куралдуу күчтөрү, жергиликтүү администрациялар, коопсуздук күчтөрү жана жарандык коргонуу бөлүктөрү издөө-куткаруу иштерин улантып, кырсык болгон аймакка гуманитардык жардам жеткирүү үчүн бардык каражаттардын мобилизацияланганын билдиришти.

Марракеш шаарындагы бул жер титирөө өлкөнүн тарыхындагы эң чоң жер титирөө болгонун Улуттук геофизикалык институту билдирди.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

681