7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК Равшан Жээнбековдун билдирүүсүн четке какты

762

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети саясатчы Равшан Жээнбековдун УКМК тарабынан кыйноо жана куугунтуктоо уюштурулду деген билдирүүсүнүн жалган экендигин маалымдайт.

«Белгилей кетүүчү нерсе, Жээнбековго карата козголгон кылмыш иши боюнча тергөө Ички иштер министрлиги тарабынан жүргүзүлүп жатканын билдирет», — деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда, саясатчы Жээнбеков Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматыынын №1 тергөө камак жайында камакта.

УКМК чыр-чатакка жана башаламандыкка багытталган мындай жалган, чагымчыл маалыматтарды тараткандар үчүн тиешелүү жоопкерчиликтер каралгандыгы боюнча кайрадан эскертүүгө мажбур болууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

763