7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мас абалында шеригине бычак сайган кыз кармалды

526

Күзөт кызматынын милиционерлери денеге оор залал келтирген шектүүнү кармап, жергиликтүү ички иштер башкармалыгына өткөрүп беришти. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 21-декабрда саат 23:45 чамасында 102 кызматына Бишкек шаарынын Свердлов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринде 30 жаштагы П.А. аттуу жаран бычактан жаракат алгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

Факт боюнча материалдар Бишкек шаарынын Свердлов РИИБде катталып, Свердлов райондук күзөт бөлүмүнүн ыкчам тобу окуя болгон жерге  келип, бычак жеген П.А. тез жардам унаасы менен ооруканага жөнөтүлгөнү такталган.

П.А. аттуу жаранды 1999-жылы туулган С.М. аттуу жаран спирт ичимдиктерин ичип жатып бычак менен сайганы аныкталып, ал окуя болгон жерден кармалып, Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына жеткирилген.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (ден соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголуп, шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланууда.

527