Президент Садыр Жапаров кол койгон буйрукка ылайык, Сагынбаев Канат Латипжанович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башчысы – Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары ээлеген кызматынан бошотулду.
Ал эми, Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык Муканбетов Санжар Турдукожоевич Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары — тармактык саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.