Бишкекте Сот департаментинин жетекчиси мас абалында унаа башкарганы үчүн кызматынан бошотулду. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.
Эске салсак, 1-октябрда Бишкек ШИИБдин кызматкерлери айдоочусу мас абалында унаа башкарган деп шектелген Хундай Соната үлгүсүндөгү унааны токтотушкан.
Борбор калаадагы Кайгуул-күзөт кызматынын басма сөз кызматкери Мирлан Таалайбеков айдоочу жазадан качууга аракет кылып, ал адам Жогорку Сотко караштуу Сот департаментинин бөлүм башчысы болуп иштегени жазылган кызматтык күбөлүгүн көрсөткөнүн билдирди.
Посмотреть эту публикацию в Instagram