УКМК кызматкерине пара берүүгө аракет кылган Кара-Суу районунун Савай айыл аймагынын башчысы кармалды. Бул тууралуу аталган кызматтан билдирди.
Ал буга чейин Жаңы-Арык айыл аймагынын башчысы болуп, бул аймактагы жеке турак жай куруу жана коммерциялык багыттагы жер участокторун жасалма адамдарга мыйзамсыз жол-жоболоштурган.
Мындан улам кызматкер кылмыш жоопкерчилигинен кутулуу үчүн УКМК кызматкерине 20 миң АКШ доллары өлчөмүндө пара сунуштаган.
Кармалган жаран УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда тергөө жүрүп жатат.
Посмотреть эту публикацию в Instagram